7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусуна иш сапары менен бармай болду

515

Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат. Андан кийин Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516