Бүгүн, 19-августка караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун ,407-чакырымында “Ford Mondeo” унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1986-ж.т. Ү.Б.) каза болуп, 2 эркек киши 1985-ж.т. Т.Т., 1986-ж.т. И.А. ар кандай жаракат алышкан.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.