7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочу инспектордун огунан каза болду

1026

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алды. Айдоочу ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү саат 21:30 чамасында Жибек Жолу жана Гоголь көчөсүндө милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турган учурда карама-каршы көчөдө 1989-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран RaV-4 унаасы менен бара жаткан. Ал жол эрежесин бузгандыгы үчүн кызматкерлер тарабынан токтотулган.

Айдоочу документтерин берип, протокол толтурулуп жаткан убакта кетип калган. Бир аздан кийин келип кызматкерлерге уруш чыгарган. Ал патрулдук милициянын кенже инспекторуна кысым көрсөтүп, мушташууга аракет кылган. Мындан улам ортодо чыккан ызы-чуудан инспектордун кызматтык тапанчасынан кокустан ок чыгып, айдоочу А.Ч. жаракат алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Учурда жеринде ИИМдин, Бишкек ШИИББинин жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери иштеп жатышат. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1027