7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таанышынан «Кумтөргө жумушка орнотом» деп 1000 доллар акча алып, из жашырган жаран кармалды

997

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айында “А.” аттуу жаран өзү тааныган О.М. аттуу аялдан «Кумтөр» компаниясына жумушка орноштуруп берем деген убада менен андан  1000 доллар жана 50 миң сом алып, ошол бойдон из жашырып кеткен.

Андан соң жабырлануучу милицияга кайрылып, аталган факт Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.

Ыкчам-иликтөө иш аракеттернинин натыйжасында, Бишкек шаарындагы №6 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1981-жылы туулган Д.А. экени белгилүү болгон. Андан тышкары, милиция кызматкерлерине шектүүдөн жабыркаган бир нече адамдан арыздар келип түшкөн. Алар дагы Д.А.ны алдамчылыкка айыптап жатышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

998