7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Облус жетекчилерин Президент, орун басарларын министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт

1550

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-сентябрда «Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жарлыкка өзгөртүү киргизүү» тууралуу буйрукка кол койду.

Ага ылайык, аталган жарлык менен бекитилген президенттин облустагы өкүлүнүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары болот. Орун басарларын жана биринчи орун басарын өкүлдүн сунушу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт жана бошотот.

Мамлекет башчы Жапаровдун 15-июлдагы жарлыгы менен ага чейин облустардагы Министрлер кабинетинин өкүлдөрү Президенттин облустардагы өкүлү деген макамга алмаштырылган.

Кыргызстанда жети облус бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1551