Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат сагындыу уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек жунушалиев кол койду.
Эскерте кетсек, Азамат Сагындык уулу жер маселеси, шаар куруу жана архитектура жагын жетектеп келген.
Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда УКМК Сагындык уулунун үстүнөн иш козгоп, камакка алгын. Ал ишкерден 9 миң доллар пара талап кылууга айыпталууда.
Бирок, Азамат Сагындык уулунун жакындары, пара талап кылуу фактысы жасалма уюштурулган деген пикирде. Анткени ишкерден акчаны алган бухгалтер кыз, каражаттын жарымын кайтарып берип жаткан учурунда кармалган. Тергөөдө артында вице-мэр Азамат Сагындык уулу тургандыгын айтып, тил каттын негизинде абактан чыгарылган.
Сагындык уулунун жакындары «Азамат акчаны алган эмес, ортомчулар сунуштаганда, андай жолго барбастыгын айтып, алынган каражатты толугу менен кайтарып берүүнү тапшырган«- дешет.
Пара алган кыз бошотулуп, ордуна вице-мэр Азамат Сагындык уулу кармалды