7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШдагы кыргыздар Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын улуттук оюндар мелдеши менен өткөрдү

1573

Өткөн жекшемби 4-сентябрда АКШнын ар кайсы штаттарында жашаган кыргыздар Чикаго шаарындагы «Кыргыз борборуна» чогулуп, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын салтанаттуу белгилешти.

Бул тууралуу катышуучулар социалдык тармактарда маалымдады.

Маалыматка ылайык 3000ден ашуун мекендештер чогулуп, спорттун 11 түрү боюнча штаттар ортосунда мелдеш уюштурулган.

Анда кыргыздын улуттук оюну болгон Ордо, тогуз коргол, аркан тартыш жана башка оюндар ойнолгон.

Эске сала кетсек, Чикаго штатындагы «Кыргыз борборунун»  ачылуу аземи 3-сентябрда болуп өттү.

Ал ыктыярчы мекендештердин уюштуруусу менен, мекендештердин жабыла кошкон акчалай салмына курулган.

Тагыраагы, ашар жолу менен акча чогултуп, 2 кабаттуу чоң имарат сатып алышкан.  Ал жерде мекендештер үчүн бирин-бири колдоочу, кыргыздын каада-салт, маданияты менен таанышуу, кыргызча көңүл ачуу үчүн шарт түзүлгөн.

Атайын комуз, кыргыз-тил курстары уюштурулган.

Бул аракеттер, АКШда жашап жаткан мекендештердин балдары кыргызчылыкты, Ата-Мекенин, баалуулуктарын унутпаса деген аракеттен келип чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1574