7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандыктар балдарды милдеттүү түрдө эмдөөгө каршы митинге чыгышты

599

Кечээ, 7-сентябрда Казакстандын 2 калаасында балдарды коронавирус илдетине каршы эмдөөгө каршы чыккандар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка  ылайык, алар өкмөттүн буйругуна каршы чыгып, анын отставкага кетүүсүн талап кылышууда.

“Биз негизи вакцинацияга каршы эмеспиз, бирок мажбурлуу вакцинацияга каршыбыз. Адамдарды кыйнап жумушка жибербейбиз, обьектилерге киргизбейбиз деп мажбурлоого болбойт”, — дейт алардын бири.

Ал эми Билим берүү жана саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү Айгүл Куштаева: “Эмдөө ушул жылдын төртүнчү кварталына пландалган. Бирок азырынча бул план бойдон турат. Эгерде биз балдарды эмдей турган болсок ата-энесинин макулдугу менен гана эмдейбиз”, — деген пикирин билдирген.

Казак бийлиги быйыл октябрь айынан тарта, Америкалык файзер компаниясынын вакцинасын алып келип, кош бойлуу жана жашы 12ден өткөндөрдү ата-энесинин макулдугу менен эмдөөнү пландап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600