7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
99,55
EUR 0,00%
1,16
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Кеминдеги арчалуу токойдон чыккан өрттү аким өз көзөмөлүнө алды (ВИДЕО)

300

Кеминде токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, чычырканактан жана дарактардан өрт чыккан. Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.

Өрт өчүрүүгө КР ӨКМнин алдындагы ККББдан жана Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топтор, КДМБдан 30 куткаруучу, Кемин райондук №5 ӨКБдан 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 киши тартылды.

Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп, акимдин көзөмөлүнө алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

301