«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында ипотекалык насыялар берилип баштаЛды. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан турак жай алуу же куруу мүмкүнчүлүгү бар.
- «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген арасында даяр үй алууну каалагандарга 4 млн. сомго чейинки насыя 4% үстөк менен 15-25 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөнүүчү сумма турак жай баасынын 10% камтыйт.
- Жеке турак жай курууну каалагандар үчүн 4 млн. сомго чейинки насыя 8% үстөк менен 15-25 жылдык мөөнөткө берилет.
Ал эми башка жарандар үчүн «Жеткиликтүү ипотека» программасы иштейт.
- Анын алкагында даяр үй алууну кааалагандарга 5 млн. сомго чейинки насыя 8% үстөгү менен берилет. Алгачкы төлөнүүчү акча турак жай баасынын 25% болушу керек. Бул ылайыктуу күрөө менен алмаштырылышы мүмкүн.
- Насыяны кайтаруу мөөнөтү 15-25 жыл. Бул насыя Бишкек жана Ош шаарларынан үй алуучулар үчүн гана жеткиликтүү.
Жеке турак жай курууну каалаган жарандарга 5 млн. сомго чейинки суммада насыя 15-25 жылга берилет. Үстөгү үй курулуп жаткан учурда 12%, курулуп бүткөндөн кийин 8%. Алгачкы төлөнүүчү сумма — 20%».
«Менин үйүм 2021-2026» программасы боюнча сатып алынуучу үйлөрдүн аянты — көп кабаттуу үйлөрдө 80 чарчы метрден, ал эми жеке үй курууну көздөгөндөр үчүн 150 чарчы метрден ашпоосу керек. Ал эми турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 миң сомго чейин болушу шарт.
«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасы 25-июлда расмий түрдө күчүнө кирген. Мурда 6-8 пайыз менен 15 жылга берилчүү. Кыргызстанда ипотека системасы 2015-жылы башталган, 5240 адамга берилген. АУчурда дагы 10 миңдей адам кезекте турат.
Эске салсак, мамлекеттин ипотека программасынан үй алууну каалагандар мындан аары электрондук анкета аркылуу эле каттала алат. Ал үчүн 130 сом төлөм каралган.