Чүй облусунда бир адам бычактан алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада 1988 -жылы туулган “Б.З.” аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, маркум 5-сентябрда курсагынан жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал жактан дарыланып жаткан, бирок 7-сентябрда күтүүсүз көз жумган.
Чүй облусунун тиешелүү органдары бул ишке шектүү катары 1975-жылы туулган М.А.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.