УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев ИИМдин Тергөө кызматында сурак берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Ал жактоочу Замир Жоошевге шилтеме берүү менен Сагымбаевге 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилерин жазды.
Буга чейин Сагымбаев октябрдагы окуялар боюнча кармалып, СИЗО-1 абагына камакка алынган. Кийинчерээк сот аны үй камагына чыгарган.
Сагымбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болчу.