Чоң-Кеминдеги өрт: Болжол менен 10 гектар жер түтөп жатат
Учурда ачык өрт жок, болжол менен 10 гектар жер түтөп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, күйгөн жердин жалпы аянты болжол менен 30-50 гектарды түзөт.
Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 7-сентябрда Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 408 адам тартылган.