Кечээ, 7-сентябрда Казакстандын 2 калаасында балдарды коронавирус илдетине каршы эмдөөгө каршы чыккандар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар өкмөттүн буйругуна каршы чыгып, анын отставкага кетүүсүн талап кылышууда.
“Биз негизи вакцинацияга каршы эмеспиз, бирок мажбурлуу вакцинацияга каршыбыз. Адамдарды кыйнап жумушка жибербейбиз, обьектилерге киргизбейбиз деп мажбурлоого болбойт”, — дейт алардын бири.
Ал эми Билим берүү жана саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү Айгүл Куштаева: “Эмдөө ушул жылдын төртүнчү кварталына пландалган. Бирок азырынча бул план бойдон турат. Эгерде биз балдарды эмдей турган болсок ата-энесинин макулдугу менен гана эмдейбиз”, — деген пикирин билдирген.
Казак бийлиги быйыл октябрь айынан тарта, Америкалык файзер компаниясынын вакцинасын алып келип, кош бойлуу жана жашы 12ден өткөндөрдү ата-энесинин макулдугу менен эмдөөнү пландап жатат.