7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Тажикстанга барып, орус тилдүү мектептердин курулушуна капсула салат

676

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-сентябрда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери көзмө-көз, ошондой эле делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири форматта жолугушаары күтүлүүдө.

Андан тышкары эки президент Душанбе, Хужант, Куляб, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында курула турган орус тилдүү мектептердин пайдубалына капсула салуу салтанатына онлайн катышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкө башчы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүүгө, жыйырмадан ашык документке кол коеру пландалган.

Белгилей кетсек, Путин Тажикстанга ушул аптада өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (15-16-сентябрь) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (16-17-сентябрь) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн бара жатат. Ага аталган эки уюмга мүчө мамлекеттин лидерлери катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677