Кара-Көлдө машина уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБне 27 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-август күнү саат 23:30 чамасында кичи футбол аянтчасында токтоп турган ВАЗ 2103 үлгүсүндөгү автоунаасын ачкычы ичинде турган учурда белгисиз адам уурдап айдап кетип калгандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Көл шаарынын тургуну 1994-ж.т. Т.Н. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.