28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңеште 90 депутаттан шайланууга тийиш. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
БШК бир мандаттуу депутаттар үчүн өлкө боюнча 36 округ түзүлгөнүн жарыялады. Ага Кара-Кулжа районунун тургундары макул эместигин билдирип, БШКдан тизмени кайра карап чыгуусун суроодо.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, бул карта менен Кара-Кулжадан депутат шайлануусуна бут тосулду деп эсептейт.
«Кара-Кулжа району экиге бөлүнүп калды. Бул дегени Кара-Кулжадан чыккан кандидаттын эч кандай утууга шансы жок дегенди билдирет. Азыр 41-43 миң шайлоочу катталган, Албетте бир округ боло албайт, бирок жок дегенде бир жактуу Өзгөн районуна кошсо болмок. Алай району менен биздин тоолор эле чектеш, жолу айланып өтмө. Жолу түз болсо да мейли эле, себеби талапкер эл менен иштеш керек. Азыр Алайдан койгон кандидат Кара- Кулжага келбей эле утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү болот. Демек кийин кабар албай койот деген маселе бар«- дейт депутат.