7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОшМУнун мугалими 40 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды

938

Өлкөнүн түштүгүндөгү эң чоң жогорку окуу жайдын бири Ош Мамлекеттик Университетинин мугалими 1200 доллар пара талап кылып, 40 миң сом алып жаткан учурунда колго түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  46 жаштагы Ноокат районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ОшМУнун окутуучусу баласын ЖОЖго киргизүү үчүн 1200 доллар пара талап кылгандыгын кабарлаган.

Кечээ, 13-сентябрда, ОшМУнун кызматкери Ө.А. айтылган каражаттын бир бөлүгүн, 40 000 сомду Токтогул эс алуу багынан алып жаткан учурунда колго түшкөн. Учурда убактылуу кармооочу жайга киргизилди. Алгачкы тергөөдө арыздануучудан анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 1200 доллар сураганын моюндаган.

Учурда бул факт боюнча жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде иш козголду, тергөө уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939