22-25-сентябрь алгачкы жолу «Семетейчилердин» айтышы болот
597
22-25- -сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык VI фестивалынын алкагында алгачкы жолу «Мыкты Семетейчи» Республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сынактын негизги максаты, кайып-илим өнөрү болгон семетейчиликти аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, касиеттүү өнөр ээлерин жана жаш семетейчилерди жалпы коомчулукка тааныштыруу, кылымдар бою сөз наркын жоготпой, өз баркын коротпой сакталып келген Улуу өнөрдү мындан ары да өнүктүрүү жана калың элди руханий агартуу маселесин колго алуу болуп эсептелет.
Cынак белгилүү манасчылар, тарыхчылар, манас изилдөөчүлөр, санжырачылар, маданият жана искусство ишмерлери тарабынан уюштурулууда. Ага катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт, 22-сентябрына чейин уюшиуруу комитетине “Билдирме-анкетасын” тапшыруусу кажет. Бул мөөнөттөн кечиккен документтер кабыл алынбайт.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 25-сентябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлөт. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө байгелүү орундар бар экендиги айтылат. Бирок байге фонду ачыктала элек.