7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды

579

«АКБ Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө КЖБРге катталган КР Жазык кодексинин 309-беренесинде («Бийликти күч менен басып алуу») көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат.

2021-жылдын 14-сентябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык бул кылмышты жасоого шектүү катары ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан санов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2021-жылдын 15-сентябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары А.С. дагы кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече КР Жогорку Кеңешинин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган.

Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580