«Бир китепти 250 сомдон алып жатабыз, базарды ким көзөмөлдөйт өзү?», — дейт Ленин районунун тургуну Наргиза Асанова «7v.kg» сайтынын редакциясына кат жолдоп.
Анын айтымында, мектептеги китептер көп балалууларга гана жетет. Балдарынын класс жетекчилери окуучулардын ата-энелерине сатып алына турган 7 китептин сүрөтүн кетирген.
«Биз Ленин районунда жашайбыз. Мектептерде китептер ижарага берилип жатат. Базардан канцелярский товар алып жатып китептердин баасын сурадым биле кетейин деп, 1 китеп 250 сом экен, мен 7 китеп алышым керек, санап көрүңүз канча сом болот. Бизге 4 күн мурда мектепте китеп жетишсиз, өзүңөр сатып алгыла дешти. 7 китептин бири дагы жок менде. Мектептеги китептерди көп балалууларга берет экен. Берсе 2 китеп бериши мүмкүн экен, калганын сатып алабыз, айла жок. Класста баары эле, жалпы эле ата-энелер каршы болуп жатат», — дейт ал.
Ал эми мектептердеги китептерди окуучуларга берүү ижарасы бир жылдык эсеп менен 25 сомго бааланган. Айрым ата-энелер мектептен китептерди 30 сомдон сатып алып жатышкандарын жазышууда.