7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо 4 гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурай жок кылынды

705

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү жана УКМКнын райондук бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Көк-Ирим айыл аймагындагы Чийлүү-Колот, Алтын-Дөбө, Келин-Таш, Казык участкаларында өскөн 4 гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди», — деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706