7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жасалма номер менен кенен-кесир унаа башкарган айдоочу кармалды

640

Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармашты. Бул тууралуу маалыматты милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 16:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyanday Gets үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

“Унаанын алдыңкы номери башка, арты башка. Ал эми документке таптакыр башка номер көрсөтүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча унаа убактылуу айып короого киргизилип, ал эми айдоочу Свердлов РИИБнин тергөө кызматына жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641