7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

790
Бүгүн, 22-сентябрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин жакындарына «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү жана чыңдоодогу эбегейсиз эмгегин белгиледи.
Мамлекет башчысы ошону менен бирге дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Сыйлык Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандарга да ыйгарылды.
 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791