Орусиянын өкмөтү эпидемиологиялык кырдаал жакшырган мамлекеттер менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош-Москва каттамында жумасына 4 рейс;
Санкт-Петербург-Бишкек каттамында жумасына 1 рейс;
Санкт-Петербург-Ош жана Новосибирск-Ош — ар бир каттам боюнча жумасына 1 рейс;
Красноярск-Ош, Екатеринбург-Ош жана Иркутск-Ош — ар бир каттам боюнча жумасына 1 рейс болмокчу.
Ыкчам штаб жарандарды COVID-19дан коргонуу үчүн чет өлкөлөргө учар алдында эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.
Белгилей кетсек, Россия мамлекети коронавирус илдети күч алган учурда аба каттамдарын азайткан.