7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Телеграм каналы аркылуу ири өлчөмдө баңгизат саткан шектүүлөр кармалды

626

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат таратууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине белгисиз адамдар баңгизатын сактап жүргөндүгү жана «Melvin Power» Телеграм каналы аркылуу аларды Октябрь районунун аймагына таратып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Ж.А. жана 2003-жылкы К.З. аттуу жарандар кармалган.

Окуядан кийин, милиция кызматкерлери баңгизат каражаттары коюлган жерлерди аныкташып, бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627