7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электр энергиясын колдонгон көрнөк-жарнактарга чектөө коюлат

702

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп, атайын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес. Буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон.

«Өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин бекемдеп, жер-жерлерде электр энергиясы кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатат»-дейт Азамат Курамаев.

Ошондой эле, электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук «Түндүкэлектро»,»Чыгышэлектро», «Ошэлектро» жана «Жалалабатэлектро» ишканаларына да жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

703