7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жамалдинов: Быйыл Ошто көмүрдүн баасы 5 сомдон жогору болбойт

1587
Быйыл Ош облусунун аймагында көмүрдүн 1 килограммынын баасы 5 сомдон жогору болбойт. Мындай чечим бүгүн, 4-октябрь Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен көмүр карьер жетекчилеринин олтурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Облус башчысы ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, кышында элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүү жана көмүрдүн баасын жөнгө салуу керектигин айтты.
Кыш оор болот деген божомолдор айтылууда. Ошондуктан биз Ош облусунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүр чыгарган ишканалардан сураныч, көмүрдүн баасын көтөрбөгүлө, элге ыңгайлуу баа койгула. Кар жааганда эле бааны жогорулатып аласыңар, кандай шартта болбосун көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбагыла”,-деди Ош облусунун башчысы.
Жамалдиновдун бул сунушун туура кабыл алган ишкерлер, көмүрдү түз, ортомчусуз алып келүүнүн жолун карап чыкмак болду. Ал эми райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жер-жерлерде атайын көмүр базалар уюштурулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1588