Улуттук энергохолдинг тарабынан түнкү убакта Бишкектин тышкы жарыктандыруусуна чектөө койбоо боюнча чечим кабыл алынды, деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.
3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 млрд кубметрди түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 млрд кубметрге аз.
Ошол себептүү Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга, күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылуунун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырык таштаган.
Ошону менен бирге компания тарабынан керектөөчүлөргө инвентаризациялоо жүргүзүлүп жатканын, зарыл эмес болгон кошумча керектөөлөр кыскартылаарын жарыялаган. Бул түнкү жарыктар, реклама жана башка кошумча керектөөчүлөр эле.
Коомчулукта түнкү жарыктардын чектелиши кызуу талкууга алынды. Элдин талкуусу таасир бердиби же планда ушундай беле, айтоор бүгүн Улуттук энергохолдинг Бишкек шаарынын түнкү жарыктары өчпөстүгүн кабарлады.