7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарындагы ипотекага үй алуу үчүн берилген иш кагаздарды тактоо башталды

1136
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык шартта батир алууга документ тапшырган жарандардын тиешелүү документтерин тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жарандардан өз документтерин тактоо маселесинде активдүү болууга, тапшырган документтерде өзгөрүүлөр болгон учурда, аларды муниципалдык ипотекалык ишканасына келип тапшырууга чакырат.
Төмөнкү учурлар жарандын арызын тизмеден чыгарууга негиз болот.
  1.  Ипотека шартында турак-жай алууга укук берген негиздери жоголгондо;
  2.  Ош шаарынын администрациялык аймагынан башка жакка же башка өлкөгө туруктуу жашоого кетип калганда;
  3.  Жарандын төлөө жөндөмдүүлүгү же турак-жайга муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтар берилгенде, же болбосо ушул жаранга ипотекалык шартта турак-жай берүү жөнүндө чечим кабыл алуу учурунда кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалгандыгы белгилүү болгондо;
  4.  Эркинен ажыратылгандыгы жөнүндө маалымат алынганда;
  5.  Каттоодон чыгаруу жөнүндө жаран арыз бергенде;
  6.  Арыздарды берген жарандар жашаган жери, телефон номерлери же башка байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү тууралуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасына тез арада билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде жарандын арызын кароодо, байланыш маалыматынын өзгөргөнү тууралуу өз убагында билдирбегендиктен, жаран менен байланыша албаса, анда Комиссиянын чечими менен бул жаран каттоодон чыгарылат. Андыктан тизмеде бар болсоңуз, маалыматтарды тактап койгонуңуз жакшы.
Байланыш үчүн телефондор: 0 (3222) 7-01-27, 7-01-26. Дареги: Ленин көч. № 318, 3-кабат, №306-кабинет

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1137