Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтына берилди.
Маалыматка ылайык, Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды.
Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды.
Ошондой эле аталган Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова да чейрек финалга чыккан.
Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.