7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«АгроТехЭкспо-2021» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтөт

733

Бишкекте Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо-2021» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтөт. Бул туралуу аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 200дөн ашуун алдыңкы кыргыз жана чет элдик компаниялар катышат. Анда айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт.

Ошондой эле аны менен катар «Алтын күз» аталыштагы айыл чарба жарманкеси дагы өткөрүлмөчкү.

Эскерте кетсек, бардык каалоочуларды көргөзмөгө жана жарманкеге келе алышат. Иш-чара 23-24-25-октябрь күндөрү өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734