7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ынтымак» саясий партиясы курултай өткөрүп, тизмесин бекитти

2383

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев төрагалык кылган “Ынтымак” саясий партиясы да курултайын өткөрдү.

28-ноябрдагы Парламенттик шайлоого партияны Маматалиев өзү баштап барат.  Андан кийинки сапта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бар. Мындан сарткары ЖКнын мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Адинай Марипова, Чыңгыз Макешов, Бакыт Тентишев, Гульнара Ташибекова, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Балбак Түлөбаев,  Лейла Лурова, Марина Исаева, Канат Медин уулу жана башкалар бар.

Айрыкча, баса белгилеп кетүүчү талапкер журналист, «Не сахар» долбоорунун алып баруучусу Эрулан Көкүлов да «Ынтымак» партиясынан өзүнүн талапкерлигин койду.

Аталган партия түзүлгөнүнө аз гана убакыт болгондугуна карабай, саясий майданда чоң арыш менен бара жатканы байкалат. Учурда 11 шаардык кеңеште өкүлдөрү бар экендигин сыймыктануу менен айтышууда. Ошол эле учурда «Бийликчил партия» деген да сөздөр ээрчип келет.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2384