Ички иштер министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду кызматтан кетти. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык бүгүн, 11-октябрда ИИМдин башкы кеңсесинде милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду узатуу салтанаттуу иш чарасы болуп өткөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун чыныгы профессионал экендигин, 30 жылдан ашуун ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү жана татыктуу ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн баса белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Ал эми Сүйүн Өмүрзаков өз сөзүндө;
“Мен министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим. Ошол себептүү мен Ички иштер министрлигиндеги министрдин биринчи орун басары жогорку кызматымды тапшырып, шайлоого аттандым. Мен үчүн Кыргыз мамлекетине кызмат кылуу менин милдетим жана парзым. Сиздердин ар бириңиздерди кымбат жана даражалуу адам катары баалаймын” -деди Сүйүн Өмүрзаков.