7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Алтын балалык» балдар реабилитация борборуна 3 млн сом бөлдү

1603

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Президенттин эсебинен «Алтын балалык» балдардын медициналык реабилитациялык борборунун ишке киргизүү марафонуна 3 млн сом бөлдү. Ага улай эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да 3 млн сом бөлгөң. Бул тууралуу марафондун уюштуруучуларына таянып, иш чараны  жеринен чагылдырып жүргөн 7-каналдын кабарчысы Нуржан Султанбекова билдирди.

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан балдардын реабилитациялык борбору 2005 жылы курулуп башталган. Ал мурдагы Президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында курулуп башталган.  Бийлик алмашып кеткен соң, иш токтоп калган.

Аталган борбор 16 жыл аралыгында колдон колго өтүп, ар кандай максатта колдонулуп келген. Кайсы бир жылдары «Курманжан-Датка» коомдук фондуна өткөрүлүп, кайра кайтарылган. Пандемия учурунда кызыл зона үчүн пайдаланылды. Бир катар фонддордун жардамы менен айрым бөлүктөрү ремонттолгон менен негизинен иштебей эле кароосуз тургандыктан, айнектери талкаланып, имарат урай баштаган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги имаратты толугу менен оңдоп, балдар үчүң реалитациялык борборду ишке киргизүү үчүн ушул учурда марафон өткөрүп, каражат топтоодо. 

Ишчара бүгүн, 15-октябрь Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда өтүүдө. Ага Президент Садыр Жапаров да катышып, өздүк фондунан 3 млн сомдук сертификат тапшырды. Буга утурлай Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да 3млн сом болуп берди.

«Алтын балалык» балдардын медициналык реабилитациялык борбору Чолпон-Ата шаарында жайгашкан. Реаблитацияга муктаж болгон балдар үчүн Ысык-Көлдүн абасынын жакшы натыйжасы, даарылык касиети бар экендигин медицина көп жылдан бери колдонуп келген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1604