Ошто жашы жете элек кызды зордуктаган 25 жаштагы О.Э атту жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү, Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышат. Аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03.00 чамасында өз машинасына салып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон.
Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз- мектеп окуучусу.
Атайын экспертиза жүргүзгөндө жабырлануучунун зордукталгандыгын, кыз белгиси жаӊыдан бузулгандыгын тастыктаган.
Учурда жаш кызды зордуктоого шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ош шаардык соту тарабынан 14-октябрь күнү бир айга абакта кармоо боюнча санкция берилди.
Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.