Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин карындашы, фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгы үчүн министрликтин кызматкерлерине пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта, «Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактылары аныкталды. Мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири «С.Ж.К.» дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды«- деп жазылат.
Учурда соттук териштирүү иштери жүрүп жатат, коррупцияга шектелген “С.Ж.К.”нын баш коргоо чарасын караган Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин шектүү УКМК тергөө камак жайында кармалуусу боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2 кү алдын Жогорку Кеңеште фарммафия боюнча баарын көзөмөлгө ала баштаганын жана жакынкы күндө камоолор башталаарын билдирген. Анда фарммафияга аралашкандардын арасында Департтаменттин жетекчилери жана мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы дагы бар экендиги айтылган.
View this post on Instagram