Анталияда 20 жаштагы Кыргызстандык жаран үйдүн 6-кабатынан жерге кулап түштү. Бул тууралуу Haberler.com. сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал үйүндө достору менен жашачу. Анын кулап түшкөнү видеого түшүп калган.
Медкызматкерлер баланы ооруканага жеткиришип, анын абалы оор экендиги айтылат.
Учурда полиция кызматы окуянын себебин тактоодо.