7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто 33 жаштагы эне наристесин эмизип жатып уктап кетип, тумчуктуруп алды

1231

Чүйдүн Токмок шаарында 33 жаштагы эне наристесин эмизип жатып уктап калгандыктан баласы тумчугуп калган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Токмок ШИИБнун нөөмөт бөлүмүнө, ымыркай 2021-жылдын 11-августунда туулган, С.Э. каза болгондугу туралуу маалымат келип түшкөн.
Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда 33-жаштагы Б.С. энесинин айтуусу боюнча баласын эмизип жатып уктап калгандыгынын себебинен ымыркай думугуп көз жумгандыгы туралуу билдирген.

Аталган окуя КРнын КЖКнин 135-беренесинин (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ымыркай С.Э. жансыз денеси Токмок шаарынын өлүк кармоочу жайына жеткизилген өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1232