7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдөгү электр энергиясына болгон көйгөйлөр качан чечилет? Президенттен жооп

724

«Энергетика тармагында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган реформалар башталды», — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров.

Анын айтымында, энергетика тармагынын кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылууда.

Электр энергиясына карата өсүп жаткан суроо-талаптын шарттарында энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу максатында төмөнкүдөй иштер аткарылып жатат:

  •  “Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында курулуш иштери аягына чыгарылды, муну менен Баткен облусу толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду;
  • Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реабилитациялоо, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрүүдө жана Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын орнотуу боюнча маселе даядалууда;
  • энергетиканы өнүктүрүү жаатында жаңы багыттарды ачкан жана өлкөнүн экспорттук потенциалын ачып көрсөтүүчү “КАСА-1000” долбоорун практикалык ишке ашыруу башталды;
  • кыска убакыттын ичинде көп жылдар бою чечилбеген “Муз-Төр” чек ара заставасын электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйү чечилди.

Ошондой эле Камбарата-1 ГЭСин куруу сыяктуу ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү аракеттери көрүлүүдө.

«Мунун алкагында бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм. Инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдиктерди кароо боюнча нормативдик базаны өркүндөтүү максатында тийиштүү Мыйзам иштелип чыкты. Өлкөдө ички инвесторлор тарабынан чакан ГЭСтерди куруу иштери башталды, бүгүнкү күндө өлкөнүн региондорунда 7 объекттин курулушу активдүү жүрүп жатат. Киров суу сактагычында Бала-Саруу ГЭСинин курулушу мамлекет тарабынан башталды», — деп баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725