7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Даракты сүзүп алган автобустан жабыркагандардын саны 21ге жетти

859

Даракты сүзүп алган автобустан жабыркагандардын саны 21ге жетти. Буга чейин ооруканага 15 жүргүнчү жеткирилген, анын ичинен төртөө жаш балдар экени маалымдалган. Жабыркагандардын денеси көгөргөн жана айрымдарынын мээси чайкалган, оор жаракат алгандар жок.

Жаңыланган маалымтка ылайык, балдар ооруканасына тогуз бала түшүп, амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

«№4 шаардык ооруканага 12 жабырлануучу түшүп, алардын төртөө травматология бөлүмүнө жаткарылган. Абалдары канааттандырарлык. Ошондой эле экөө орто оор абалда реанимацияда жатат. Калгандары үйлөрүнө коё берилген», — деп жазылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында.

Бүгүн, 29-октябрда түшкү саат 12:00 чамасында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинин Киргизия-1 конушунун аймагында №8 автобустун айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзүп алды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, автобустун алдынан жеңил унаа чыга калып, айдоочу андан качууга аракет кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

860