Чек ара кызматы 20 күндөн бери Тажикстанда кармалып жаткан Кыргызстандын жараны тууралуу маалыматты тастыктады.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда Тажикстандын УКМК кызматкерлери Лейлек районунун Сада тилкесинде 24 жаштагы Кыргызстандын жаранын кармап кеткен. Айдарбек Хайдаров атасы жашаган Тажикстандын аймагындагы Пахтакор айылына баргандыгы айтылат.
Алдын ала берилген маалымат боюнча, тажик тарап Хайдаровду чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыптап жатат.
Чек ара кызматы Хайдаровду үйүнө кайтаруу үчүн эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн кабарлайт. Ошондой эле Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуу болгон. Бирок, маселе чечилген эмес.
Бул маселе учурда УКМК жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.