7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө таңга маал үйүнө кирип, баласына ок чыгарган жарандар кармалды

2082

Чүйдө бир нече каракчылык фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрь күнү таңкы саат 04:20 чамаларында үй ээсинин баласы дааратканага баратып, экинчи кабатка чыкчу тепкичтен бир нече адамдын көлөкөсүн байкаган. Ал дароо аталарын ойготуу үчүн алар жаткан бөлмөгө жөнөгөндө белгисиз адамдар ок атуучу куралдан балага карата ок чыгарышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, белгисиз адамдар аш кананын терезеси аркылуу үйгө киргени аныкталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган М.Э., 1974-жылы туулган Р.И., 1999-жылы туулган А.Ф. жана 1997-жылы туулган Ш.В. аттулар кармалышкан.

Шектүүлөрдүн бири 1972-жылы туулган М.Э. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалып, автоунаасын кароо учурунда, кара-куурай жыты менен зат табылган. Андан сырткары жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, кол кап, бет кап, диний китептер, флеш-карта жана сим карталар алынган.

Дагы шектүү катары кармалган 1974-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, Юнкер-2 үлгүсүндөгү 4,5 калибрлүү курал, кичи калибрлүү мылтык, газ тапанча, Револьверь үлгүсүндөгү белги берүүчү тапанча, бычактар, бет кап, кол кап, дүрбү, диний багыттагы китептер жана баракчалар, флеш-карталар, ноутбук, 2 даана парик, газ куюлган баллончо алынган.

Шектүүлөр Аламүдүн районунун Лебединовка айылдында дагы ушул сыяктуу каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү таң эрте Т.Б. аттуу жарандын үйүнө бейтааныш адамдар киришип, анын колу-бутун скотч менен байлашып, белгисиз үлгүдөгү курал такап, акча талап кылышып, кийин анын короосунда токтоп турган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкен. Ал автоунаа кийин Бишкек шаарынын аймагынан табылган.

Кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагындагы эки каракчылык фактысынан сырткары дагы үч каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги такталып, алардын эки фактысы Бишкек шаарынын аймагында болсо, Жалал-Абад облусунда бир каракчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Булардан сырткары Бишкек шаарынын аймагында 3 уурулук фактысына тийешеси бар экени такталган.

Учурда дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүрүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2083