7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте интернет дүкөнү аркылуу баңгизатын саткан шектүүлөр кармалды

787

Бишкекте интернет дүкөнү аркылуу баңгизатын сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1994-жылы туулган К.А. жана Д.С. аттуу жарандар кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн жашаган жеринен компьютерлерди, ноутбуктарды, Wi-Fi-роутерлерин, уюлдук телефондорду, орусиялык көптөгөн сим-карталарды табышкан.

Шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Октябрь райондук соту шектүүлөрдү чет жакка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын колдонгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788