Чүй облусунун аймагында алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-ноябрынан 15-ноябрга чейин Чүй облусунун аймагында жеке күзөт агенттиктердин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, курал-жарактарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Иш-чарада юридикалык 14 жай, 150 куралдын ээлери текшерилген. Милиция кызматкерлери тарабынан пневматикалык бир даана курал, кичи калибрлүү бир даана курал, газ травматтык үч даана курал, ар түрлүү калибрдеги 24 даана ок-дарылар, гранатанын тетиги алынган.