7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канадада «мындан ары Кумтөр — Центеррага таандык эмес» деген чечим чыкты

811

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялардын өнүгүүсүнө байланыштуу төмөнкү билдирүү менен чыкты:

«Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң, Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине контролду жоготуу фактысын билдирүүгө аргасыз болду.

Аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын баалуу кагаздар боюнча Комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc компаниясы тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин биздин өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына көлөмдүү зыян келтирилгендигин таанууга чакырып келген.

Биз эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектөө тууралуу кеп жүрбөгөндүгүнө күбө болот деп эсептейбиз. Министрлер Кабинети мыйзам үстөмдүгүн жана Кыргыз Республикасынын элинин улуттук кызыкчылыгын активдүү жактоону улантат».

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812