7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти

486

Министрлер кабинети коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө бул иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардын суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө (бирок бир миллион сомдон көп эмес) жүргүзүлөт.

Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:

– комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;

– мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;

– коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда.

Эгерде коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде, бир билдирүүнүн алкагында бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт.

Андан соң токтомго ылайык, жоопкер кызматкер тарабынан тийиштүү документтер түзүлүп, тийиштүү укук коргоо, көзөмөлдөө органынын жетекчиси тарабынан жети адамдан кем эмес сандагы түзүлгөн комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.

Комиссия тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысын текшерет жана материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине сый акыны төлөө жөнүндө өтүнүчтү же жүйөлөнгөн баш тартууну киргизет. Мында баш тартуу тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысы ырасталбаган учурда комиссия тарабынан чыгарылат.

Органдын жетекчиси комиссиянын өтүнүчү келип түшкөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө үчүн негиз болгон сый акы төлөө жөнүндө буйрук чыгарат.

Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487