7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде жоголгон аял мечитке барып имамдан дуба окуп берүүнү суранган

1263

Кеминде жоголгон аял мечитке барып имамдан дуба окуп берүүнү суранган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда милицияга Боролдой айылында белгисиз кыз табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, Боролдой айылындагы мечитке бир кыз келип, имамдан дуба окуп берүүнү суранганын аныкташкан. Ошол эле учурда ал кайда жашаарын билбей турганын жана эч нерсе эсинде жок экенин билдирген.

Аталган кыздын өздүгү такталып, ал 1991-жылы туулган У.М. аттуу жаран экени аныкталган.

Андан соң ал кыздын жакындары табылып, кыз аларга өткөрүлүп берилген. Кыз психикалык жактан жабыркап келээри айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1264