7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров шалаакылыгы үчүн дагы бир министрге сөгүш жарыялады

599

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегатты алмаштыруу 2022-жылдын июнь айына жылдырылды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, подрядчынын шалаакылыгынан гидроагрегат өз убагында берилбей, иштен чыккан. «Кышты гидроагрегатсыз өткөрүүгө туура келет, орнотуу кийинки жайга жылдырылды», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келтирилген зыянды ким төлөй турганын сурап, ага сөгүш жарыялады.

«Сиз бул жаатта иштеп жатсаңыз дагы өз убагында чара көрө алган жоксуз. Көмүрдүн баасын да мен кийлигишмейинче төмөндөтүү мүмкүн эмес болчу. Мен сизге сөгүш жарыялайм», — деп кошумчалады ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600