7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө жол кырсыктан төрт адам мүрт кетти

752

Ысык-Көлдүн Теплоключенко айылында жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:30дар чамасында Каракол — Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында Nissan X-Trail менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

«Nissan X-Trail унаасынын 61 жаштагы айдоочусу А.А. кар күрткүдө чыгыштан батышка бара жатып, рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, жолдо токтоп калган. Айдоочунун жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырбаганы белгилүү болду. Каршы тилкеде келе жаткан Subaru Forester унаасынын 34 жаштагы айдоочусу А.А. токтогонго жетишпей калып Nissan X-Trail машинасын сүзүп кеткен», — деп жазылган маалыматта.

Окуя болгон жерден төрт киши көз жумуп, үч киши жаракат алган. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Тергөө уланууда.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактап, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жолдо коопсуз аралыкты сактоого чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

753